Депутат Эркин Алымбеков макал үчүн өкмөт башчыдан кечирим сурады

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 24-октябрдагы жыйынында депутат Эркин Алымбеков 23-октябрдагы парламент жыйынында премьер-министрге карата колдонгон макалы үчүн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевден кечирим сурады. "Кечээ Жантөрө Сатыбалдиев менин кечирим сурашымды талап кылган, мен өкмөт башчыны позициям үчүн кечирим сура жатат деп ойлогом. Көрсө ал мен колдонгон макалды айтыптыр. Эгер бул макалды ал мазактоо катары кабыл алса, мен кечирим сурайм",- деди Алымбеков.  

Эскерте кетсек, 23-октябрда парламентте "Кумтөр" маселеси каралган. Талаш-тартыш учурунда өкмөттүн алсыз аракетин сындаган депутат өкмөт башчыга карата "моюнунан байланган ит ууга жарабайт" деген макалды колдонгон эле. Сатыбалдиев кечирим суроону талап кылып, бирок депутат кечирим сурагыдай эч нерсе кылбаганын айткан.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан