Милиция кызматкерлери Чүйдө сууга агып бара жаткан өспүрүм кызды куткарып калышты

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери сууга агып бара жаткан кызды куткарып калышты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 10-июнда ИИМдин академиясынын курсанттары жана кызматкерлери Аламүдүн-1 кичи районунда сууга агып бара жаткан өспүрүм кызды куткарып калышкан.

"Кызга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, "Тез жардам" кызматына тапшырып беришкен. Анын абалы жакшы", - деп билдиришти ИИМдин маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Mamyrbek
2021-06-10 16:44:55
Молодцы ребята. Силерге таазим кызды куткарып калганынарга Аллах ыразы болсун.
+4
Baiaman997
2021-06-10 17:57:31
Кызды кара футболка кийген бала сууга аркан менен тушуп куткарыптыр, Милиционеилер жон эле чыгарышка жардам бериптирго видеосунда, кана ошол бала, негизи ошол жигитке айтуу керек рахматты
+2
prorab
2021-06-10 18:19:00
Чыныгы мырзалар, бар болгула
+1
ahun72
2021-06-10 22:42:51
Куткарган адам башка, бирок өздөрүн пиар кылгандар башка. Кичине болсо да уялса болмок ушулар.
+2
la_pa_ta
2021-06-11 09:36:09
Куткарган адамдын ысымы Залкар. Ал эч кандай милиция кызматында иштебеген жөнөкөй эле жаран.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан