Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы жылуулук берүү сезону эртең, 25-октябрдан башталарын билдирет. "Температуранын төмөндөшү жана күтүлүп жаткан үшүктүн жүрүшүнө байланыштуу шаардын мэри жылуулук берүү сезонун 1-ноябрды күтпөй, 2013-жылдын 25-октябрында баштоого көрсөтмө берди",-делет билдирүүдө.