Коронавирустун индиялык штаммы COVID-19'дун башка түрлөрүнө салыштырмалуу жугуштуулугу жогору гана болбостон, башка ооруларды козгой тургандыгы да белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар эксперттердин билдирүүсүнө шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, вирустун индиялык штаммынын өзгөчөлүгү жана кооптуулугу бир гана анын жугуштуулугунун деңгээли жогору болгондугунда эмес, ал башка ооруларды да козгойт. Эксперттердин айтымында, вирустун бул түрү угуунун начарлашына, ичеги-карындын түйүлүп оорушуна, тромбдордун пайда болушуна алып келет. Учурда вирустун бул түрү Шотландия жана Англияда күч алып, илдет менен алышкандардын саны күн сайын жаңы көрсөткүчтөр менен жаңыланып жаткандыгы айтылууда.
Белгилей кетсек, вирустун бул түрү акыркы 6 ай ичинде дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө катталган.