"Алматыда коронавирус тарап жатат" деген билдирүү интернетте тарады. Казакстан элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат

Интернет желесинде Алматыда коронавирус тарап жатат деп чоочулагандар болууда. Бул билдирүүлөрдөн кийин Казакстан расмий билдирүү жасап, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Өткөн жылдын декабрь айында Кытайдын Ухан шаарынан тараган коронавирус учурда кулач жайып, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнө жетти. Буга байланыштуу бир катар мамлекеттер вирусту жугузуп албоо үчүн чектөөлөрдү, окууларды киргизүүдө. Алардын катарында Кыргыз өлкөсүнө коңшу мамлекет Казакстан бүгүн, 24-январда атайын окуу өткөрдү.

Алматыдагы эл аралык аэропортто санитардык-карантиндик пунктунун кызматкерлери жана Товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугунун сапатын көзөмөлдөө департаментинин кызматкерлери окуудан өтүштү.

Алар "вирус жугузуп алгандарды" тосуп алып, кабыл алып, андан кийин медициналык жайга чейин жеткирүү, медициналык кароо жана дарылоо жолдору кандай болорун практика түрүндө аткарып көрүштү.

"Бул иш-чара алдын алуу жана вирусту өлкө аймагына тарап кетпешине жол бербөө үчүн жүргүзүлүп жатат. Алматыдагы медициналык кызматтардын жана мекемелердин санитардык-эпидемиологиялык даярдыктарына баа берилди", - деп жазылат маалыматта.

Коронавирустун күч алганына байланыштуу Казакстанда санитардык көзөмөл күчөтүлгөн.

24-январга карата алынган маалыматтарга ылайык, жугуштуу вирус менен жапа чеккен адамдардын саны 830га жетсе, каза болгондордун саны 26га жеткенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Алматынын аэропортунда "вирус жуктуруп алгандарды" тосуп алуу үчүн окуу өттү
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
AksyKum
2020-01-24 18:57:36
Кудаааай кулагыбыз уксада козубуз корбосун мындай нерселерди
+19
pyeon hwa
2020-01-24 19:54:41
Корея 1 Япония 1 США 1 вьетнам 1 адам олуптур Кытай 25 адам деп Россиянын каналынан корсотту((
+1
Kantana
2020-01-24 21:07:59
Вирустун белгилери кандай болот екен
-1
Paol
2020-01-24 21:10:23
Что то наши молчат хоть успокоили бы
+5
Anti-S
2020-01-24 23:24:29
Бизде Кыргызстанда ушундай суроттогудой даярдыктар жок.
+1
AksyKum
2020-01-24 23:46:25
Anti-S,Кытай Ким Кыргызстан Ким кичине ойлонуп салыштырсанар,Кыйтай 1.5млд а Кыргызстан болгону 6млн болсо .Ар мамлекетке эле салыштыра бересинерби ?Ал эмес Озбекстан бизден 5эсе чон .эшегине жараша туушоосу дейт .Кытай дуйнону дунгуроткон мамлекет болсо
-2
lazygirl
2020-01-25 01:13:28
AksyKum, сүрөттө Кытай эмес Казакстандын кандай даярдыкта экени көрсөтүлгөн.
+1
AksyKum
2020-01-25 09:57:35
lazygirl,Казахстан деле бизден алда канча чон
-2
Apyn8793
2020-01-25 01:47:50
Чек араны жапкыла эй акылсыздар!!! Эгер бизден чыкканда мындай вирус бут коншу мамлекеттер чек араларын жаап алмак, аэропортторунан текшеруу жургузмок эмес. Шарт эле жаап алмак чек араларын. Ошентип олко карантинде калмак. Силер да жапкыла чек араны
+9
souza.j
2020-01-25 11:44:48
Чек ара жабылса жогорудагы акчалуулардын источник дохода буулуп калат
+3
Kylym.85
2020-01-25 16:00:01
Чек ара Кытай менен жабылса, Казакстан, Россия аркылуу келе берет кытай жарандары. Кытайдан келген каттамдарды гана текшербестен , чет олкодон келген баардык жарандарды катуу текшериш керек.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан