Мамлекет башчы Ислам өнүктүрүү банкынын президентине коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди

Бүгүн, 8-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар Хаджар менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ислам өнүктүрүү банкы менен Кыргыз мамлекетинин ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташуунун бүгүнкү абалы жана келечеги, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө, анын ичинде коронавирустун жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Сооронбай Жээнбеков аталган илдеттин жайылышынын социалдык-экономикалык залакаларын жумшартуу үчүн Кыргыз өлкөсүнө көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырууну сунуш кылды.

Бандар Хаджар коронавирус инфекциясы дүйнө өлкөлөрүнүн эли менен экономикасына олуттуу чакырык болуп жаткандыгын баса белгиледи.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан