Биз социалдык тармакта

Айзада Канатбекованын өлүмү: Ала качканга көмөштөшкөнгө айыпталгандардын үчөө мурун сот жообуна тартылган

Бүгүн, 11-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын ала качкандар боюнча соттук отурум өтүүдө.

Сотто 5 айыпталуучунун иши каралып жатат. Алар: Сыймык Молдосариев, Кубаныч Токон уулу, Ажыкабыл Рысбай уулу, Замирбек Раманкулов, Орузбек Нурумбетов. Булар Айзаданы ала качкан Замирбек Теңизбаевге жардам беришкен.

Учурда айыпталуучулар көрсөтмө берип жатышат. Көрсөтмө берип жаткан учурда судья тарабынан мурда сот жообуна тартылдыңар беле деген суроо берилди. Анда 5 айыпталуучунун ичинен үчөө мурда сот жообуна тартылганын билдиришти.

Сотко Айзада Канатбекованын апасы, таежеси жана жеңеси катышууда.

Соттук отурумда сүрөткө жана видеосъемка тартууга судья тарабынан тыюу салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zumrudianka
2021-06-11 12:21:10
Иттер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан