"Мыйзамсыз байыган". Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов кармалды

Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Айтмаматовдун мыйзамсыз байыганын аныктаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси (мыйзамсыз баюу) боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталган.

"Айтмаматов өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, Түштүк-Батыш бажысындагы товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды, товарлардын "жалган транзити" жана башка уюштуруп, натыйжада олуттуу көмүскө киреше алып турган. Айтмаматов пайда көрүү үчүн мыйзамсыз алынган материалдык көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү алуу менен, атап айтканда болжол менен 4 миллион 500 миң АКШ долларына бааланган 30дан ашык элиталык батирлер, 1 миллион АКШ долларга бааланган 10дон ашык унаа каражаттары мыйзамдаштырылган. Ошол эле учурда көмүскө кирешенин бир бөлүгү С.К. жана Р.К. курулуш компания аркылуу мыйзамдаштырып, бирок негизги акциялары Айтмаматовго таандык болгон", - деп жазылат маалыматта.

Кечээ, 10-июнда Нурбек Айтмаматов жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nurmat8921
2021-06-11 13:51:02
Укмка алга
+7
NURSAPAR
2021-06-11 14:04:10
Кустургула ошолор менен карыздардан кутулалы.
+6
Belek1710
2021-06-11 14:13:15
Жап жаш туруп кантип байыды дейсиңер, жемкорлоду камаш керек!
+4
Kuban-1207
2021-06-11 14:27:12
Атыш керек буларды.Жегичтердин айынан мамлекет өнүкпөй келетат.
+5
Asmat84
2021-06-11 14:36:45
Качантан бери эле жебегиле жебегиле деген сайын эле булар жегенин койбоду го эки жагын караса деле болмок күн сайын канчалаган чиновниктер кирип атышат сизого дагы деле жешет балеккетти жегирлер
+3
tsunse
2021-06-12 00:29:29
Жанды кейитет озу олкобуз онукпой жатса.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан