Айзада Канатбекованын апасы милиция кызматкерлеринин ишине нааразы экендигин билдирди

Бүгүн, 11-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованы ала качкандар боюнча соттук отурум тыныгуудан соң уланууда. Сотто 5 айыпталуучунун иши каралып жатат.

Учурда жабырлануучу тараптан Айзада Канатбекованын апасы көрсөтмө берүүдө.
"Ала качканга жардам берген балдар кызымды сүйлөшүп жүргөн деп айтып жатышат, мен ал бала кызымдын артынан ээрчип жүргөнүн билем.

Кызым башында интернеттен жазып жатат деп сүрөтүн көрсөткөндө айткам "кебетеси жаман экен, коркунучтуу экен сүйлөшпө" десем, "жок, сүйлөшкөн жокмун өзү жанымды койбой жазып жатат" деди. Ошентип кызым 3 жолу сим-картасын алмаштырды. Бала болсо иштеген жеринен бери таап алып жанын койбой жатты. Кийин "мама, сиз туура айтыптырсыз, ал бала чын эле коркунучтуу экен, сенин эч кимиң жок, мамаңды бычак менен сайып кетем" деп коркутту деп айтып калган.

Милиция кызматкерлери издеген жок. Биз менен 1 гана тергөөчү байланышып жатты. 5 тергөөчүгө тапшырма берилген, дагы милиция кызматкерлери, оперлер иш алып барды деген калп. Мен тергөөчүгө чалсам үйүндө жатып алып балдар издеп жатат деп жооп берип жатты. Артында кичинекей баланын үнү угулуп жатканынан үйдө экенин билип койдук", - деди апасы.

Жактоочулар тарабынан кызыңыздын каза болгонуна канча чыгым кетти деген суроо берилди.

"Кыркылыгы, дегеле жалпысынан 400 миң сом кетти" деп жооп берди апасы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jaskaaa
2021-06-11 23:41:41
Мен туура эмес тушундумбу же туурабы? Ошондо 400 мин берсе маселе чечилеби?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан