Улукбек Марипов: "Айзаданын өлүмүнө ким күнөөлүү экенин айта албайм"

Митингдин катышуучулары өкмөт үйүнүн алдына барып, премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушууда. Анда өкмөт башчы чогулган элге кайрылып, ишти иликтөөгө бир аз убакыт берүүнү суранды.

"Бул маселени президентибиз дагы карап жатат. Иликтөө үчүн бир аз убакыт бериңиздер. Өкмөт башчы катары алдыңыздарга чыгып билдирүүгө айтып жатам. Кечээ күнү дагы билдирүү жасаганбыз. Аталган маселе көзөмөлдө. Ким күнөөлүү экенин айта албайм", - деди өкмөт башчы Улукбек Марипов.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын жансыз денеси кечээ, 7-апрель күнү табылган.

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын окуясы тууралуу толук маалыматты шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.

Айзаданын өлүмүнө байланыштуу митингдин катышуучулары менен өкмөт башчы жолугушту
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mira28
2021-04-08 13:39:33
Башкача айтканда божомолдоп,бурмалап буто элекпиз десенер.Же кобуроок акча сунуштай элек кылмышкерлер,кутуп жатасынар.Бирин толотуп биринин мойнуна асылат да.Байкуш кыз 4 кун мурда жадырап жайнап жургонда.Эхх Окунучтуу
+3
Shabi
2021-04-08 13:47:37
Бул ишке эчким кайдыгер карабаса,себеби Бурулай Айзаданын ордунда эртенки куну,баарыбыздын карындаш,эже,синдилерибиз болуп калышы мумкун эмес деп эч ким кепилдик бере албайт да.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан