Мындан 2 күн мурун ала качуудан каза болгон Айзада Канатбекова менен аны ала качып кеткендердин бири Замирбек Теңизбаевдин жансыз денелери табылган.
Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаанын бүгүнкү күндөгү көрүнүшү. Жеринен милиция кызматкерлери колдонгон кол кап жана унаанын айнегинин сыныктарын көрүүгө болот. Жеринде иш алып барган ИИМдин өкүлдөрү жана эксперттер адамдын канына боёлгон кол каптарды, бинттерди тазалап кетишпегени да көрүнүп турат.
Буга чейин SUPER.KG порталына Аламүдүн райондук соттук-медициналык эксперти Арслан Качкынов окуя болгон жерге барганда унаа бек болгонуна байланыштуу милиция кызматкерлери айнекти сындырып ачкандарын билдирген.
Арткы салондо табылган кыз менен баланын жансыз денелерине кароо жүргүзүп, кыздын муунтулган материалын эксперт чечкенин айтып берген.
Окуянын чоо-жайы:
27 жаштагы Айзада 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган.
Бишкек шаардык милиция кызды уурдоого шектүү алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирген.
Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.
Алгачкы маалыматтарга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күч менен унаага салып кеткени тууралуу видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер реакция кылышкан эмес.
Буга байланыштуу Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өткөн.
Кечээ, 8-апрелде Айзаданын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилди. Аны уурдоого шектелгендердин баардыгы кармалды.