реклама
super.kg logo

Улукбек Марипов Чоң Чүй каналынын абалы менен таанышты

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Панфилов районундагы батыш Чоң Чүй каналынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, төрага фермерлер менен жолугушуп, сугат сууга жана ирригациялык объектилердин абалына байланыштуу маселелерди талкуулады.

"Бул көйгөйлөр тууралуу маалымат алып, сиздер менен жолугушуп, абалды талдоого алуу иретинде атайын келдим. Мен сиздердин кооптонууңуздарды түшүнүп турам. Кургакчылыкка байланыштуу фермерлер сугат сууга муктаж болууда. Тилекке каршы, мындай абал бул райондо гана орун алып жаткан жок. Азык-түлүк коопсуздугу өзгөчө көзөмөлдө турат. Тармактык түзүмдөргө жакын арада районду суу менен камсыздоо тапшырылган. Эгер эртеңден тарта сугат суу маселеси чечилбесе, облус, район жетекчилигине карата катуу чаралар көрүлөт", - деди ал.

Андан соң Улукбек Марипов Панфилов районундагы Киров айылындагы скважинаны көрүп чыгып, ага трансформатор жана насостук жабдуу орнотуу талап кылынарын, бул иш аткарылса, 40-50 гектар жерди сугарууга шарт түзүлөрүн кошумчалады. Төрага донордук уюмдар менен биргеликте тийиштүү долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу максатында Панфилов районунун ирригациялык тармагын өркүндөтүү боюнча сунушту кыска мөөнөттө киргизүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
170623;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: