Жогорку Кеңештин 24-октябрдагы жыйынында Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин орун басары Бакытбек Исаков "Башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыргызстандык мигранттарга Москва шаарынын жана Москва облусунун жетекчилеринин мамилеси жакшы" деп билдирди. Мындан сырткары кыргызстандыктардын орус тилин билгендиги ошондой эле Орусиянын мыйзамын сактоого жасаган аракеттери жакшы мамиле кылуусуна себеп болууда деп кошумчалады. "Азыркы тапта Москвадагы мекендештерибиздин абалы жалпы мигранттардын эсебинен айтылып жатат. Бирок биздин жарандарга гана басым жасалып, кысым көрсөтүлүп жатат деп айтууга болбойт. Биздин элчиликтин Москванын жетекчилиги менен жолугушуусунда орусиялыктар биздин өлкөдөн барган мигранттарга карата мамиленин жакшы экенин белгилеп өтүшкөн",- деди Исаков. Анын айтымында, Орусияда эмгектенген 496 миң кыргызстандыктын 300 миңи мыйзамсыз иштейт.