Өлкөдө 850 миңге чукул бала жакырчылыкта жашайт (статистика)

Былтыр жакырчылыкта жашаган 1 миллион 678 миң адам катталган. Алардын 73,7 пайызы айыл жергесинде жашагандар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Статистика комитетинин маалыматына ылайык, өткөн жылы жакырчылыкта жашагандар жалпы элдин санынын 25,3 пайызын түзгөн.

Аймактар боюнча карай турган болсок, кедейчиликтин деңгээли Ош шаары жана Талас облусунда мурунку жылга салыштырганда төмөндөгөн. Калган региондордо кедейчиликтин деңгээли өскөн.

Жылы

2016

2017

2018

2019

2020

Өлкө боюнча

25,4

25,6

22,4

20,1

25,3

Баткен облусу

37,0

40,5

33,8

32,6

34,7

Жалал-Абад облусу

32,2

32,6

32,2

26,9

37,2

Ысык-Көл облусу

24,7

24,2

21,5

24,4

27,9

Нарын облусу

37,8

29,2

30,6

28,1

36,8

Ош облусу

22,0

14,3

14,8

14,0

18,8

Талас облусу

18,1

20,7

22,1

13,3

12,5

Чүй облусу

30,3

33,3

15,6

19,1

25,4

Бишкек шаары

9,8

15,9

15,4

11,9

16,8

Ош шаары

24,6

33,5

35,5

20,7

14,7

Жакырчылыкта жашагандардын көбү Жалал-Абад (28 пайыз), Ош (15,6 пайыз) жана Чүй (11,3 пайыз) облустарында катталган.

Өткөн жылы 17 жашка чейинки курактагы 833 миң 900 бала же ушул курактагы балдардын 31,8 пайызы кедейчилик шартта жашаган. Аймактар боюнча алып караганда:

  • Бишкек шаары — 23,9 пайыз
  • Ош шаары — 18,3 пайыз
  • Жалал-Абад облусу — 45,6 пайыз
  • Ош облусу — 22,8 пайыз
  • Баткен облусу — 41,7 пайыз
  • Чүй облусу — 33 пайыз
  • Ысык-Көл облусу — 35,3 пайыз
  • Нарын облусу — 44,1 пайыз
  • Талас облусу — 16,8 пайыз
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан