Кыргызстанда түрмөдө отургандардын саны 15 миңге жетти
Кыргызстанда түрмөдө отургандардын саны 15 миңге жеткенин бүгүн, 24-октябрда маалымат жыйында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Жазык аткаруу инспекциясынын башчысы Нурлан Жодошов айтты. Жолдошов билдиргендей, 8 миңдей адам жабык мекемелерде жаза мөөнөтүн өтөп жатат. "Оор кылмыштар менен соттолуп 2220 адам, түзөтүү колониясында 5800, убактылуу кармоочу жайларда (СИЗО) 2000дей бар. Ал эми 5400 адам Жазык аткаруу инспекциясынын каттоосунда турат",- деди Жолдошов.