Инвестициялар министри: "Түркиянын ишкерлер коомчулугунун кеңири чөйрөсү Кыргыз мамлекетине инвестиция салууга кызыкдар"

"Түркиянын ишкерлер коомчулугунун кеңири чөйрөсү Кыргыз мамлекетине инвестиция салууга кызыкдар", - деп билдирди инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгына комментарий берип жатып.

Анын айтымында, түркиялык инвесторлордун кызыгуусун жеңил өнөр жайы, айыл чарбасы, логистика, инфраструктуралык долбоорлор жана гидроэнергетика сыяктуу тармактар жаратууда.

Президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында, Анкара шаарында Түркиянын Соода палаталары жана товардык биржалары бирлигинин аянтчасында түрк ишкерлер-коомчулугу менен жолугушуу болду.

Инвестициялар министри жолугушуунун жыйынтыгында, 5 келишимге кол коюлгандыгын, ага ылайык, Түркиянын «Остим» өнөр жай аймагынын моделине окшош системаны Бишкекке куруу жана жайылтуу пландаштырылып жаткандыгын белгиледи. Анда бир аймакка 600дөн ашуун компания чогултулган. Заводдор менен фабрикалар бир жерде топтолуп, өндүрүүчүлөр жана экспортерлор үчүн ыңгайлуу.

"Кыргыз-түрк өнөр жай зонасын Чүй облусунун аймагына куруу пландалууда. Мындан тышкары биздин компаниялар дагы башка беш келишимге кол коюшту. Алар өз учурунда өнөктөштөрү менен биргелешкен долбоорлорго инвестиция салышат. Долбоорлорду алмаштык, алар бизге өздөрүнүн долбоорлорун сунушташты, биз болсо аларга долбоорлорубузду сунуш кылдык", - деп кошумчалады Алмамбет Шыкмаматов.

Министрдин айтымында, жакында түрк компанияларынын эксперттер тобу Бишкекке келип, өлкөнүн инвестициялык потенциалын иликтешет.

"Иликтегенден кийин алар бир айдын ичинде маалымат даярдап, аны Түркиядагы ири бизнес өкүлдөрүнө сунушташмакчы. Андан соң ири ишканалар берилген маалыматтардын негизинде кызыктырган тармактары боюнча иш жүзүндө инвестиция салышат", - деп жыйынтыктады инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан