Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым жерлеринде 25-октябрда жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКсынын басма сөз кызматынан билдиришти. Шаардагы Аламүдүн-1 районундагы №5, 72-74, 77-79 көп кабаттуу үйлөрдө жана "Красный строитель" жаңы конушунда саат 09:00дөн 17:00 чейин жарык өчүрүлөт. Мындан сырткары Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй, Таш-Дөбө, Ленин айылдарында, Жайыл районундагы Кожомбердиев, Жайыл баатыр жана 8-Март көчөлөрү, ошондой эле Сокулук районунун Асылбаш айылындагы электр линияларын оңдоо иштеринен улам жарык өчүрүлөт.