Аксы районуна иш сапары менен барган вице-премьер-министр Токон Мамытов Ак-Терек каналын 2014-жылы куруп бүтүрүү боюнча өкмөттө маселе көтөрө турганын айтты. Муну аталган райондук администрациядан билдиришти. Канал ишке кирсе Кербен шаарынын, Кош-Дөбө, Жерге-Тал, Авлетим айыл өкмөттөрүнүн миңдеген гектар айдоо жерлери сугат талаасына айланмакчы. Токон Мамытов райондогу Өзбекстан менен талаш жараткан жерлерде болуп, жергиликтүү калктын сунуш-пикирлерин да укту.