Жалал-Абад облусунда автокырсык катталып, 6 адам мерт кетти. Дагы 2 жүргүнчү жаракат алганын ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Бишкек-Ош унаа жолунун 495-чакырымында (Ууру-Жар айылы) Мерседес-Бенц оор жүк ташуучу унаа менен Хонда-Одиссей унаасы кагылышып, кырсыктын кесепетинен 6 адам каза болуп, 2 адам (аты-жөндөрү такталууда) жабыркады. Жерине Ноокен районунан 4 куткаруучу тартылды. Каза болгон жарандардын жансыз денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлсө, жабыркагандарды "Тез жардам" кызматы алып кетти.
Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кырсык тууралуу кененирээк маалымат берилерин билдирди.