Асылбек Жээнбеков Сауд Арабиясынын Айыл чарба министрин кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 24-октябрда Сауд Арабиясынын Айыл чарба министри Фахад бин Абдурахман Бильгунеймди кабыл алды. 

Жолугушууда Жээнбеков Сауд Арабиясынын Аш-Шура Мажилисинин төрагасы Абдулла ибн-Мухаммад аль Аш-Шейх ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстанга болгон иш сапарында айыл чарба тармагында эки тараптуу кызматташууга кызыкдарлыгын билдиргендигин эске салды.  

 

"Кыргыз тарап сауд аравиялык өнөктөштөрдүн кызыкчылыктарын кубаттайт жана инвесторлорду ар тараптан колдоого даяр",- деп белгиледи төрага. Кыргызстандагы айыл чарба өнүмдөрү экологиялык жактан таза экендигин жана эл аралык рынокто атаандаштыкка тең тайлашууга толук мүмкүнчүлүгү бардыгын кошумчалады. "Кыргызстандын парламенти өлкөнүн инвестициялык потенциалын чыңдоого өзгөчө маани берет жана чет элдик инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында мыйзамдарды өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп жатат",- дейт Жээнбеков.

 

Фахад бин Абдурахман Бильгунейм Сауд Арабиясы Кыргызстан менен болгон эки тараптуу мамилелерди жогору баалаарын билдирди."Биз айыл чарба жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөнү жана өнүктүрүүнү өзүбүздүн милдетибиз деп эсептейбиз”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан