«Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

КРнын президенти Алмазбек Атамбаев  «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» КРнын мыйзамына кол койду. Мыйзам КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 12-сентябрында кабыл алынган. Мыйзамдын максаты – «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүүнүн укуктук тартибин күчөтүү. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кечээ, 24-октябрда билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан