Токтоп турган унааны сүзгөн. Көлдө катталган автокырсыктан келин эки кызы менен каза болуп, баласы ооруканага түштү

Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылында жол кырсыгы катталып, эки кыз жана алардын апасы каза болду. Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиргендей, автокырсык 12-июнда саат 11:30 чамасында катталган.

"Сары-Камыш айылына жетпей жолдун түштүк тарабында Балыкчы шаарынын 1987-жылы туулган тургуну К.К. башкарган Фольксваген-Пассат үлгүсүндөгү унаа токтоп турган. Ошол маалда Тоң районунун Кажы-Сай айылынын 1987-жылы туулган тургуну А.М. Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып рулга ээ боло албай, токтоп турган Фольксваген-Пассат унаасын артынан сүзгөн. Анын кесепетинен Фольксваген-Пассат унаасынын жүргүнчүлөрү 1988-жылы туулган тургуну Ү.А. жана анын 2017-жылы туулган Ө.А., 2020-жылы туулган Ө.А. аттуу кыздары окуя болгон жерден мерт кеткен. 2015-жылы туулган баласы Балыкчы шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылды.

Ал эми Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү Балыкчы шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылды", - дешти маалымат кызматынан.

Аталган факт боюнча учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nur777
2021-06-13 19:21:41
Кырсык экенин тушуном,бирок абайлап айдаш керек да..
Жаткан жерлери жайлуу болсун,жакындарына сабыр берсин,баласы сакайып кетсин
+7
Dembele84
2021-06-13 21:01:46
Бир обу жок опыты жок мерс минген аялдын айынан жон эле турган машинадагы жаш балдарга жалко болуптур.
+2
Rifle_I
2021-06-13 22:38:55
Dembele84,мерсти аял айдап бараткан бекен ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан