Комузчу Айсаана Оморова ырчы Гүлзат Байзаковага келин болду

"Ордо сахна" этно-фольклордук театрынын мурунку ырчысы, "Мурас" фольклордук ансамблинин солисти, комузчу Айсаана Оморова турмуш жолуна аттанды. Бүгүн, 13-июнда Бишкектеги тойканалардын биринде анын кыз узатуу тою өтүп жатат.

Айсаана Оморова ырчы Гүлзат Байзакованын уулуна турмушка чыкты.

Буга чейин комузчу кыздын сүйүктүүсү колун сураганын, ал макулдугун бергени маалым болгон.

Айсаана Оморова 1997-жылы 2-июнда Чүй облусунун Кант шаарында төрөлгөн. 6 жашында комуз чертип, Кенже Кубатова менен Зайнидин Иманалиев жетектеген "Жаш тилек" ансамблинде окуган. 2012-жылы "Устат-шакирт" долбооруна келип, ооз комуз, жыгач комуз черткенди үйрөнгөн. Андан кийин "Ордо сахнага" келип, ал жакта 5 жылдай иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kari
2021-06-13 21:27:58
Бактылуу болсундар.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан