"Эмгек" партиясы Бишкек шаардык кеңешинин кайрадан өтө турган шайлоосуна катыша турган талапкерлерди аныктады

Кечээ, 13-июнда Бишкек шаарында "Эмгек" партиясынын конференциясы болуп өттү. Күн тартибине коюлган негизги маселе алдыда өтө турган БШКнын шайлоосуна катышуучу талапкерлердин тизмесин аныктоо болду.

Анда "Эмгек" партиясынын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков эл алдына чыгып өз пикирин билдирди.

Анын билдирүүсү боюнча, "Эмгек" партиясынын мындагы талапкерлеринин көбү 11-апрелде өткөн шайлоого катышкандар. Алар Бишкек шаарынын келечегин, муктаждыктарын жана көйгөйлөрүн жакшы билген иш билги адис адамдар.

Ал белгилегендей, жаз айларында айрым партиялар жеңилерин билип, "Эмгек" партиясына жана анын талапкерлерине карата кара пиарды колдонгонун айтты.

"Майда-чүйдө каралоолорго, диверсия жана провокацияларга карабастан, алдыга карай ишенимдүү кадам таштадык. Биздин талапкерлер күчтүү жана алардын көз карашы оптимисттүү. Алдыдагы шайлоо мурункуга караганда таза өтөт деген ишенимдемин. Башка партияларды жайына коёлу. Өз программабыз жөнүндө гана сүйлөйлү. Позитивдүү бололу жана конструктивизмди карманалы. Ушак сөзгө, чагымчылыкка жана фейктерге көңүл бөлбөйлү", - деген чакырык таштады.

Конференцияга "Эмгек" партиясынын Бишкек шаары боюнча бардык баштапкы уюмдарынан делегаттар келип катышты. Регламентке ылайык жумушчу органдары, президиум, төрага жана конференциянын катчысы, ошондой эле мандаттык жана эсептик комиссия шайланды. Делегаттар талапкерлердин тизмесин тактады.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосу ушул жылдын 11-апрелинде болуп өткөн. Анда "Эмгек" партиясы биринчи орунду багындырган. Бирок шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылып, шайлоону кайрадан өткөрүү ушул жылдын 11-июлуна белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Erik2018
2021-06-14 10:32:02
Шайлоодо добушумду Эмгек партиясына гана берем. Мамлекет үчүн иштей турган билимдүү, илимдүү жаштардан куралган жаштар чогулуптур. Аскар Салымбековдун арты менен канчалаган кыргыз бутуна турушту. Эл эмгегин жер жебейт деген ушул.
+1
Sonyasonya
2021-06-14 12:58:52
Erik2018,жалан бизнесмендердин башын бириктирген партия. Оздорунун бизнестерине крыша юолул учун эле баратат шайлоого.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан