УКМК: "Жогорку Кеңештин депутаты жасалма дипломду колдонуп жүргөн"

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, мурдагы вице-спикер, Жогорку Кеңешинин "КСДП" фракциясынын депутаты З.Т.З. тарабынан жасалма дипломду колдонуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

"З.Т.З. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетинин үчүнчү курсунан чыгарылган. Окуудан чыгарылышынын себеби билим алуу үчүн акысын төлөбөгөндүгү болгон.

Андан кийин З.Т.З. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан берилген делген жасалма дипломду Ош мамлекеттик университетине кабыл алууда колдонуп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, активдүү саясий ишмердүүлүк мезгилде экинчи жогорку билим алган", - деп билдиришти УКМКдан.

УКМКнын билдиришинче, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен алынган жоопко ылайык, З.Т.З университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн катарында жок болгон, көрсөтүлгөн номер менен катталган диплом башка жаранга берилген.

SUPER.KG порталына өздүк булактардын кабарлашынча жасалма дипломду депутат Төрөбай Зулпукаров колдонуп жүргөн.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Datka7777
2021-06-14 11:10:41
Бул ким ошондо
0
Qwer007
2021-06-14 11:15:42
Жарымы эле ушундай диплом болсо керек
+2
Uli6886
2021-06-14 11:26:39
Зулпукаров Торобай Закирович менимче
+2
Brilant-zhylan
2021-06-14 11:44:14
Бул депутат Атанбаев менен Сокенин доорунда жаман тайрандаган эле жээмейдин кусмайы да бар деп бекеринен айтылбаган
+6
Zarema11
2021-06-14 11:55:09
ээми аныкталыптыр да каап көчө адамы ушинтип эл уулу боло калып жеп элге кысым көрсөткөнү аябай өкүнүчтүү. Бирок жакшы кеч болсо да аныктаптыр.
+6
TIMON_BERKOWITZ
2021-06-14 11:57:14
Диплом сатып алганы менен акылды сатып ала албайт))
+7
Zumrudianka
2021-06-14 14:17:29
Позор Торобай позор. Баардык чимкириктерди текшерсенер жок дегенде 50 адамдан чыгат фальшивые дипломдор
+1
Omyke
2021-06-15 00:46:47
Шооопурдун палчаны болсом менделе жасалма диплом менен депутат болмокмун да))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан