"Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов фракция жыйынына себепсиз катышпаган депутат боюнча маселе караларын айтты
Жогорку Кеңештеги "Ар-намыс" фракциясынын 25-октябрдагы жыйынында Феликс Кулов фракция жыйынына себепсиз 3-жолу катышпай жаткан "ар-намысчы" депутат бар экенин айтты. Кулов ал депутаттын атын атаган жок, бирок ал боюнча маселе фракцияда жабык түрдө карала турганын билдирди. "Себепсиз 3 жолу жыйынга катышпай жатат. Жардамчысы эмне үчүн келбей жатканын түшүндүрүп бере албайт. Буга чара көрүш керек да",- деди Кулов.