"Айдоочу мас болчу". Бир заматта келинчеги менен балдарынан ажыраган ата кырсыктын чоо-жайын айтып берди

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылында жол кырсыктан келин эки кызы менен каза болуп, баласы ооруканага түшкөнү кабарланган.

Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, Фольксваген-Пассат үлгүсүндөгү токтоп турган унааны сүзгөн.

SUPER.KG порталына маркум келиндин жолдошу Кубанычбек Койчуматов окуянын чоо-жайын айтып берди.

"Биз үй-бүлөбүз менен Балыкчыдан Сары-Камышка бара жатканбыз. Ушул эки аймактын ортосунда талаа бар, ошол жакта биздин жерибиз бар, ошол жерге токтогонбуз. Айылдагы жер тилкебизди зым менен тосуп жатып, жетпей калгандан улам талаадагы зымдан ала кетели деп келгенбиз. Балдарым апасы менен унаада калган, мен барып алып келе жатсам, дөңгөлөк аткандай бир үн чыкты. Чыйкылдаган тормоздон үнү угулганда, менин унааман өтүп кетсе экен дегиче болбой, унаамды сүзүп жолдон чыгып кетти.

Барсам 3 балам унаанын ичинде жок экен. Арткы орундукка келинчегим кыпчылып калыптыр, айланып келип жубайымды чыгарайын десем, балдарым эс-учу жок жерде жатыптыр. Ошол жерден ортончу кызымдын каза болуп калганын билдим. Анткени чекеси айрылып, мээси чачырап кетиптир. Келинчегиме биринчи жардам көрсөтөйүн десем, жаак сөөктөрү чыгып кеткен окшойт кычырап үн чыгып, кан агып жатты.

Анан милиция кызматкерлери менен "Тез жардам" кызматы келди. Келинчегимди унаага өзүм салдым, каза болуп калганын дагы билдим.

Биздин унааны сүзгөн Мерседес унаасы кыздыкы экен, бирок эркек айдап бара жаткан. Экөө тең мас абалда болчу. Айдап бара жаткан бала башында өзү деле мас экенин моюнуна алып, 4 бөтөлкө сыра ичкенин айтып жаткан. Кийин кайра көрсөтмөлөрүн өзгөртүп, кыздан унааны сатып алганын жана соо экендигин айтып жатат. Берки жанындагы кыз баламдын жанына жаткан. Биз сураганда мен эч нерсе билбейм, жүргүнчү болчумун, уктап келе жаткам деген. Дарыгерлердин айтымында, ал дагы мас абалда болгон. Өзүбүзгө эми келип, бүгүн арыз жазганы жатабыз", - деп билдирди ал.

Келиндин жолдошу жогорудагы Мерседес-Бенц унаасында бара жаткан кыз Бөкөнбаевдеги прокуратурада иштерин кошумчалады. Анын айтымында, кыз Бишкекке дарылануусун улантууга кеткен.

Белгилей кетсек, каза болгон келин 33 жашта болгон. Ал эми 4 жана 1 жаштагы кыздары каза болуп калды. 6 жашар баласы ооруканада.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Datka7777
2021-06-15 13:56:49
Ыйлагым келип атат!
+13
Aybiyke
2021-06-15 14:04:10
Datka7777,мен ыйладым эле
+12
munarbek.92
2021-06-15 14:02:18
Прокуратурада иштеген акмак башы жок
+12
Milduri
2021-06-15 14:11:11
Сүзгөндөр жазасын алышсын, прокуратурада иштейт экен оңой кутулуп кетпесин, бечара бир замата аялынан эки баласынан ажырап калыптыр, кандай жаман, аябай ыйлагым келип, көздөн жаш акты, Аллахым сабыр берсин жолдошуна, мас абалында сүзүшүп, ушунча кылгылыкты кылып ойлонушпайбы, өздөрүн күнөөлүү сезип кечирим сурап жоопко тартылалы дешпейби, кыйынсынып Бишкеке дарыланганы кетип калбай. Ушулардын ишин эмне болгонун чыгарып тургулачы Суперчилер.
+22
AidaKurman
2021-06-15 14:26:58
Кудайым сабыр берсин жолдошуна. Уулуна омур берсин. Келинчеги менен кыздарынын жайы жаннатта болсун. :(
+10
rahat73.
2021-06-15 14:30:51
Айла кетти бул арак туйубузго жетет ко окуп алып не дейримди билбей ошол жигитин абалын ойлоп жатам жүрөк чыдабайт не деген көрдүк.Ичкендердин машинесин алып сатып карыздан кутулгулачы.коп жылга кармагыла айоо жок буларга
+6
KUMKA
2021-06-15 14:56:12
Прокуратурада эмес, министр обороны болбойбу... Жооп берсин.. Буларга жардам берген адамдарга да каргыш..
+8
rysik79
2021-06-15 15:16:04
Өттө жаман иш болуптур.
+5
alym21
2021-06-15 15:22:36
Арак ичпей балээ ичкирлер
+7
pero5184
2021-06-15 16:19:45
Айдоочулар жоопкерчиликтүү болсоңор экен..
+5
Gulzina1993
2021-06-15 17:55:20
Ичпей балее ичкирлер
+5
Jaka1978
2021-06-15 18:19:41
Өтө өкүнүчтүү
+5
IOA
2021-06-15 18:34:41
Супер инфо ушул ишти аягына чейин элге жеткиргиле
+3
Adilek16
2021-06-15 18:57:43
Кыз мн баланы машинесине салып тируулой орттоп салса болот , прокурор болбой кара башын жегир, арам акчанын кесепети
+5
juka82
2021-06-15 23:31:15
Ошол кездеги жолдошунун абалын ойлоп жаман болдум,сабыр берсин Аллахым.
+3
kkkk3259780
2021-06-17 14:32:06
алкогол ичип айдагандарды кармаса правасын омур бою алыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан