Футбол: Тажикстан курамасы дагы кийинки баскычка өтпөй калды

Кечээ, 15-июнда футбол боюнча Тажикстан улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Япониянын Осака шаарында Мьянма курамасы менен кез келип, 4:0 эсебинде жеңишке жетти.

Муну менен алар "F" тайпасында 13 упайы менен Япониядан кийин экинчи орунга жайгашты. Бирок Тажикстан курамасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу турнирин расмий жыйынтыктады. Тажикстан курамасына кийинки баскычка өтүүгө болгону 4 гол гана жетишсиз болуп калган.

2022-жылдагы Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алуу үчүн күрөштү уланта турган 12 команда аныкталды. Алар: Сирия, Австралия, Иран, Сауд Арабиясы, Япония, Бириккен Араб Эмираттары жана Түштүк Корея курама командалары өз тайпаларында жеңүүчү болуп, кийинки тандоо туруна өттү.

Мындан тышкары экинчи айлампанын жыйынтыгы боюнча, экинчи орунду ээлеген беш мыкты команда 2022-жылы өтө турган Дүйнөлүк чемпиондугуна тандоо турунун кийинки баскычына өтүштү. Алар: Оман, Ирак, Вьетнам, Кытай жана Ливан.

Кыргыз улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандоо турунда "F" тайпасында ойноп, 10 упай менен Япония, Тажикстандан кийин 3-орунду камсыздады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Dembele84
2021-06-16 09:38:10
И так эле отпойт болчу,очкосу жетишпейт-деп кечээ айткам!
+5
Бектурган
2021-06-16 10:02:47
Dembele84, өтсө деле без толкда, андан көрө өтпөй эле койушсун, итак эле билет, тияк-бияка барышып акчаларды ысыраф кылып жатышат...
+1
Jigit25
2021-06-16 11:42:51
Озбекстан отподубу ошондо
+1
patriot.kg94
2021-06-16 11:46:03
Эгер тажиктер мьянмадан утулса биз отот белек кийинки баскычка?
+1
Азат Бейшенбеков
2021-06-16 11:49:33
patriot.kg94, Саламатсызбы? Монголияны кандай эсеп айырмачылыгында болсо дагы утсак, кийинки баскычка өтмөкпүз.
+1
patriot.kg94
2021-06-16 12:10:55
Азат Бейшенбеков, аны билем
-3
Foxes_CH
2021-06-18 01:57:24
Азат Бейшенбеков,биринчи регламентти карап анан жооб берчи, монголдорду женген куну да эч жакка отпойт болчубуз
0
Alixan-Nookat.2015
2021-06-16 13:55:20
Тажиктер өтпөй калганына сүйүнүп жатам
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан