"Карвен групп" компаниялар ассоциациясынын ээси Генрих Балян алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, ал мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, өтпөй турган баасы 670 миң доллар деп жогору көрсөтүлгөн мүлктү күрөөгө коюп, башка бирөө аркылуу 2 миллион 300 миң долларлык насыяны алганы аныкталды.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене “алдамчылык” менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Атайын кызмат билдиргендей, бул кылмыш ишинин алкагында буга чейин аталган банктын төрагасынын мурдагы орун басары кармалган.
Кечээ, 15-июнда ишкер УКМКнын тергөө абагына камакка алынганы маалым болгон.