Бүгүн, 17-июнь - Бүткүл дүйнөлүк кургакчылыкка каршы күрөшүү күнү. Бул күндү белгилөө чечими 1995-жылдын январь айында Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында кабыл алынып, биринчи жолу 1995-жылдын 17-июнь күнү белгиленген. Башкы ассамблея 2010-жылдын январь айынан 2020-жылдын декабрь айына чейинки мезгилди кургакчылыкка каршы жана чөлдөргө арналган 10 жылдык деп жарыялаган. Максаты - кургап бараткан жерлерди коргоо боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттерге көмөктөшүү.
Маалыматтарга караганда, дүйнө жүзүндө кургакчылык жыл сайын 42 миллиард АКШ долларына барабар болгон айыл чарба продукцияларынын жок болушуна алып келет.
17-июнга карата жылнаама.