"Ар-намыс" фракциясынын 25-октябрдагы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков өлкөдө шайлоочулардын тизмесин тактоо зарыл экенин айтты. Айтымында, тизмени тактамайынча шайлоолорду таза өткөрүү мүмкүн эмес.
"2014-жылга тизмени тактап коомчулукка жарыялаш керек, ким тизмеде бар экенин, ким жок экенин билдирүү зарыл. Тизмеде жок адамдар каттоого алынууга тийиш. Бүгүн бул ишти баштасак, 2015-жылы шайлоочулардын чыныгы санын тактоого жетишмекпиз. Шайлоочулардын тизмесин тактамайынча добуштарды элетрондук эсептөө да, биометриялык паспортда таза шайлоо өткөрүүгө жардам бере албайт",- деди Кадырбеков.