Камила Талиева: "Туризмдеги көйгөйлөрдүн бири - жайкы сезондун Ысык-Көл облусу менен чектелиши"

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Камила Талиева 25-октябрдагы туризм тармагын өркүндөтүү боюнча мекемелер аралык отурумда: "Бүгүнкү күндө текши болбосо да Кыргызстанда туризм өнүгүп жатат деп айтууга болот. 9 ай ичинде биздин өлкөгө 3 миллион 809 миң чет өлкөлүк турист келди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 582 адамга көп",- деп билдирди. "Көрсөткүчтөр жакшы, бирок өлкөдө болуп жаткан окуялар туризм тармагына таасирин тийгизип жатат. Жайкы сезон учурундагы уюштуруу иштериндеги чечилбей калган маселелер жана өлкөдөгү окуялар бул тармактын толук өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизди", -деди Талиева. Мындан сырткары  вице-премьер бардык аймактардын жетекчилерине туризмди өнүктүрүү боюнча тапшырма бергендигин кошумчалады. "Биздин алдыбызда чечилчү көп маселе бар. Алардын бири жайкы сезондун Ысык-Көл облусу менен чектелип жаткандыгында. Ар бир аймактын өзүнүн бренди бар. Биз өрүктү, айгүл гүлүн элге таанытышыбыз керек. Жакында Ысык-Көлдө алма фестивалы болуп өттү" деп, кийинки отурумга да маданият, туризм жана маалымат министри Султан Раев келбесе жыйынды жылдыруу керектигин айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан