Төшөктөгү муздактык - психикалык оору. Бул тууралуу сексопатолог Нурбек Моңолов Назира Айтбекованын атайын берүүсүндө айтып берди. Анда адис аялдардын 10 пайызы төшөктө муздак экенин айтат. Муздак аялдар - жыныстык жактан дене кумарына батпагандар. Медицинада бул "фригиддүүлүк" деп аталат. Мындай аялдар дене кумарына канбаганы менен, кадимкидей эркек сүйүп, эне болушат.
"Муздактык же фригиддүүлүк - бул өтө чоң көйгөй. Айымдардын 10 пайызы кумар оюнунда оргазм ала алышпайт. Алар эркекти сүйө алат, бирок кумарга батпайт. Мындай айымдар өздөрүн жаман сезип, психологиялык маселелер жаралат. Кабагы ачылбай, мамиле түзө албай, өзүн аял сезбей жана башка өзүн-өзү талкалоо маселеси жаралат. Жыныстык маселе адамды ичинен жеп жатса, анда бул оору. Ал эми муздак болуп, бирок ага маани бербей жакшы маанайда жүрө берсе бул оору эмес.
Муздак аялдар өздөрүн мастурбациялоодон ырахат алышат. Анткени алар өздөрүнүн сценарийи, өздөрүнүн фантазиясы, каалоосу менен жасашат. Бирок эркек менен кошулганда мындай ырахат ала албайт. Анткени ичинде бир көйгөй бар. Айрымдары мастурбациядан дагы ырахат ала алышпайт. Мындай жыныстык маселенин жаралышына ата-эненин күнөөсү бар. Алардын кемсинткен, басынткан сындары муздактыкка алып келет", - дейт адис.
Сексопатолог муну психотроптук дарылар, психологдун кеңеши менен дарыласа болорун айтат. Бирок көпчүлүк учурда айымдар маселесин айтуудан тартынып, дарылануудан качат дейт адис.