"Мечитке кирип барып эки жолу ок чыгарган". Чүйдө бейбаштыкка шектелип 63 жаштагы жаран кармалды

Чүй облусунда 63 жаштагы жаран бейбаштык боюнча шектелип кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө 50 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Арызда 15-июнь күнү болжол менен саат 21:00 чамаларында аталган райондогу мечиттердин бирине бейтааныш бирөө кирип колундагы куралын арыз ээсине такап, аны коркутуп, мечиттин дубалын каратып эки ирет ок чыгарып, кийин белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-беренеси "ээнбаштык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга шектелип, 63 жаштагы Чүй облусунун жашоочусу кармалган. Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдары учурунда кармалган жарандан травматикалык тапанча ок-дарылары менен алынган. Окуя боюнча зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп билдиришти облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
NURSAPAR
2021-06-18 16:55:22
Ууу сакталып өрттөнгүр¡!!
0
al-abu-kinesz
2021-06-18 16:56:00
63 жаштагыларга эмне болуп атат озу я???
+1
JaneEr
2021-06-18 17:01:49
63 ко чыккандарга эми переходный возраст болуп калганбы ыя?Нысап кетти
+4
Belek1710
2021-06-18 18:48:34
Пайгамбар жашы келип калыптыр,айнып калган немелер го.
+4
bratanyn
2021-06-19 02:12:33
Көсө карыганын билбейт
+1
Nursul
2021-06-19 10:12:34
Жаш балдарды тыйа албай атышса эми кезек карыларга келгенби. Картайганда кызып эле жүрүшпөйбү ошол мечитке каттап намаз окуп жүрсө болотко.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан