Садыр Жапаров Нарын шаарынын тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда жергиликтүү эл электр энергиясына болгон тарифтик саясат, социалдык жөлөк пулдар, банктардагы насыялардын жогорку пайыздагы ставкалары, жергиликтүү калктын миграциясы боюнча көйгөйлөрүн, ошондой эле жеке мүнөздөгү маселелерин айтышты.

Мамлекет башчысы жакынкы жылдарда Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү боюнча пландарына токтолду.

Садыр Жапаров өлкөдө болуп жаткан акыркы окуялар жана өлкөнүн стратегиялык максаттары менен милдеттерине дал келе турган экономикалык реформаларды жүргүзүү пландары менен бөлүштү.

Анын айтымында, Нарын облусун жакшы өзгөрүүлөр күтүп жатат. Жакында жыл сайын "Кумтөр Голд Компани" ЖАКсынын дүң пайдасынан 0,6 пайыз которула турган Нарын облусун өнүктүрүү фондун түзүү пландалууда. Жергиликтүү тургундардын макулдугу менен Ат-Башы районуна индустриалдык соода-логистикалык борбору курулушу мүмкүн. Анда 30 миң жаңы жумуш орундары түзүлмөкчү.

Мамлекет башчысы мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери ишкерлерге жана инвесторлорго ар тараптуу жардам көрсөтүшү керектигине жана көрсөтө тургандыгына өзгөчө басым жасады. Президент баса белгилегендей, инвестициялар социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизи гана эмес, ошондой эле жаңы жумуш орундары, заманбап башкаруу тажрыйбасы, аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу экенин түшүнүү керек.

Жолугушуунун жыйынтыгында президент Садыр Жапаров көтөрүлгөн маселелердин бардыгы көзөмөлгө алынат деп ишендирди. Аларды тез арада чечүү үчүн тиешелүү тармактык министрликтерге, ведомстволорго тапшырмалар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
patriot.kg94
2021-06-18 21:25:18
Нарын дагы деле суукпу
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан