Ош. Кечки тогуздан эрте токтоп калган маршруттардын айдоочуларына чара колдонулат
Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги кечки рейддерди уюштурууда. Атайын дайындалган мобилдик топ кечки саат 19:00дөн 21:00гө чейин маршруттук каттамдарды текшеришет. Рейддин жүрүшүндө тартип бузган айдоочулар жана саат 21:00гө чейин каттабай эрте токтоп калган айдоочуларга чара колдонулат. Бул тууралуу аталган агенттиктин кызматкери Нургазы Каримов билдирди.