Улукбек Марипов: "Биз келечекте сууга байланыштуу көйгөйлөр болбошу үчүн ыкчам тартипте чечим кабыл алышыбыз керек"

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусуна жумушчу сапарынын алкагында Орто-Токой суу сактагычына жана Чүй облусунун суу чарба объектилерине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мен бул объектилерге жер-жерлердеги абал менен жеке таанышуу үчүн атайын келдим. Суу коё берилип жатат, бирок суунун көп бөлүгү жолдо жоготууга учурап жатат. Бул коңшу өлкөгө сууну агызып жаткандыгыбыз, же айрым дыйкандардын талааларына суу берилип жаткандыгы менен байланыштуу эмес. Чүй дарыясынын нугундагы жогорку фильтрацияга байланыштуу суу ресурстарынын тартыштык көйгөйүн чече ала турган ондогон куб метр суулар жоготууга учурап жатат. Ошондуктан биз келечекте сууга байланыштуу көйгөйлөр болбошу үчүн ыкчам тартипте чечим кабыл алышыбыз керек", - деди Улукбек Марипов.

Орто-Токой суу сактагычынан секундуна 120 куб метр көлөмдөгү суу коё берилсе, анын 110 куб метри Чүй облусу үчүн каралган. Чыгыштагы Чоң Чүй каналынын башкы суу курулмасына болжол менен 80 куб метр суу жетет, 30 куб метр суу фильтрацияга кетет. Бул суунун толтурулгус жоготуусу.

"Учурда Чүй өрөөнүнүн сугат тутумун өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашырууну тездетүү маанилүү. Кеп түштүк Чоң Чүй каналын куруу тууралуу жүрүүдө. Ал үчүн биринчи кезекте Чүй каналынын айланып өтүүчү экинчи бутагын куруп баштоо керек. Ошондо суунун жоготуусу орун албайт", - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Улукбек Марипов жакын арада түштүк Чоң Чүй каналынын курулуш долбоору боюнча сунуш киргизүүнү жана курулуш иштерин баштоону тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Spb
2021-06-19 18:36:49
Бир нерсеге тушунбойм озубуздо суу кенен анан лагы суу тартыштуу дей бересинер коншу олколого азырак берип биринчи озубуго кенен жеткизип турса болотко дейм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан