Борбордук шайлоо комиссиясы Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдижалил Муратов, Чинара Абдуллаева комиссиянын курамынан чыгарылды. Алардын ордуна курамга Гүлнара Ахматова, Бекболсун Зарипбек уулу киргизилди.