Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө катталган 65 талапкер сынак тапшырууда. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.
"Бүгүн, 21-июнда Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө талапкерлер тавсир, хадис, усуль аль-фикх, акыйда китептеринен сынак тапшырышууда.
Сынакка жалпысынан 65 талапкер катышып, биринчи бөлүгү жазуу түрүндө өткөрүлүүдө. Сынактын биринчи бөлүгүнөн ийгиликтүү өткөн талапкерлер эртең, 22-июнда баарлашууга киришмекчи", - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө 65, Муфтияттын борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 14, муфтийдин кызмат ордуна 9 талапкер катталган.