Биз социалдык тармакта

"19 жаштан 30 жашка чейинкилер...". Жалал-Абад облустук милициясы бош орундарга сынак жарыялайт

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы катардагы жана кенже жетектөөчү курамындагы кызмат орундарына сынак жарыялайт. Бул тууралуу аталган облустук милициядан билдиришти.
Ага ылайык, конкурска 19 жаштан 30 жашка чейинки курактагы Кыргыз жарандары катыша алат.
Бош кызмат орундары:
- Жалал-Абад ОИИБинин милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын милиционеринин 1 кызмат ордуна;
- Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу ШИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоо изоляторунун милиционеринин 2 кызмат ордуна;
- Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр ШИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын коштомо-күзөт тобунун коштоочу-милиционеринин 1 кызмат ордуна;
- Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын коштомо-күзөт тобунун автозак айдоочу-милиционеринин 1 кызмат ордуна.
"Тиешелүү документтер 17-июлга чейин кабыл алынат. Конкурска катышуу үчүн талапкерлер тийиштүү документтердин тизмегин алуу үчүн жана суроолор боюнча кадрлар бөлүмүнө кайрылса болот. Байланыш телефону: (03722) 7-02-81", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан