Бир апта акысыз ташыйт. Бүгүн Өзбекстандан алып келинген автобустар линияга чыкты

Бүгүн, 22-июнда Бишкекте коңшу Өзбекстандын өндүрүшүндөгү япон ISUZU брендинин газ менен жүрүүчү 50 экологиялык автобустары линияга чыкты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, автобустардын узундугу 6,9 метр, эки эшиги бар, жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу - 38 адам, 16 орундуу.

Бишкек шаардык мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы жаңы автобустардын каттам схемаларын иштеп чыкты. Эми Өзбекстандын өндүрүшүндөгү жаңы автобустар төмөнкү схемалар боюнча жүрөт:

- №10: Ак-Ордо конушу - айланма жол;

- №11: Ак-Ордо конушу - айланма жол;

- №12: Маевка айылы - Көк-Жар айылы;

- №13: Муромская көчөсү - Кырман конушу;

- №14: 12 кичи район - Ак-Ордо конушу.

Аталган автобустар бир апта бою жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт. Бул акция шаардыктар жана борбор калаанын коноктору үчүн белек.

Бишкекте газ менен жүрүүчү 50 автобус линияга чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
raikakyz
2021-06-22 11:01:57
Куттуктайм, элимди! Ак Ордо конушу жаңы автобусту болушуңар менен! А эмнеге Кирпичныйга автобустар каттаса болбойт? Же тагдырдын өгөй адамдары жашайбы бул жакта... 251 маршруттук каттамды күтө берип чарчайбыз.
+3
zhaynak
2021-06-22 12:31:46
raikakyz, 5000 автобус келсин ошондо каттайт. Кичине куткуло да эми, сразу эле тетири суйлоп чыкпай. Неге каттаса болбойт деп
+7
Nur777
2021-06-22 17:39:01
Автобустар келгени жакшы,бирок жаны конуштарга каттатпай эле коюш керек болчу,тез эле иштен чыгат,жолдору начар,лучше шаар ичинде эле журсун туз жолдо.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан