Телеалпаруучу, ди-джей, ырчы, тамада Назира Кадыеванын үй-бүлөсүндө наристе үнү кайрадан жаңырды. Ал кечээ, 21-июнда борбор калаадагы төрөтканалардын биринде көз жарды. Назира айымды куттуктап байланышканыбызда, ал кубанычы менен бөлүштү.
"Биз бул "жигитти" 10 жыл күттүк. Ден соолугума байланыштуу төрөй албай жүргөм. Учурда уулум экөөбүздүн тең акыбалыбыз жакшы.
Наристе 3 килограмм 600 грамм салмакта, бою 50 сантиметр болуп төрөлдү. Азырынча ымыркайыбызга ысым ыйгара элекпиз", - деди ал.