Биз социалдык тармакта

Министр: "Орусиядан 20 миллион доллар гранд алып, ага өрт өчүрүүчү 100 унаа жана 2 тик учак алабыз"

Бүгүн, 22-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги реформалар жана алдыдагы пландары тууралуу маалымат жыйын өтүүдө. Анда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев төмөнкүлөрдү билдирди.

"Менин келгениме 8 ай болду, буга чейин министрлик бюджетке байланып өз алдынча тапчу кирешелерди колдонбой, тескерисинче ал мекемелер кыйроо алдында турган. Биздеги техникалардын абалы өтө начар болуп жатат, өрт өчүрүү боюнча эски унаалар толугу менен жаңыланууга муктаж. Ошол себептен мен биринчи реформаны кадрлардан баштадым, бардык кызматкерлер аттестациядан өткөрүлдү. Анда 10 пайызы гана өткөн жок. Биз техникалар боюнча Орусия менен келишимдерди ийгиликтүү түздүк. Анда 20 миллион доллар гранд түрүндө берилмей болду. Ал каражатка жүз өрт өчүрүү унаасы, эки тик учак жана башка техникалар алынат", - деди Ажикеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dastanali
2021-06-22 12:14:27
Баары эле курсактуулар окшойт мчсте, сапатына көңүл буруп атыпсыз ийгилик. 10% кызматкерлер эмне болот, кетиресизби
0
Aybiyke
2021-06-23 00:58:10
Бир ракетанын кучтуусунон эле алып койгула да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан