Чүйдүн Вознесеновка айылында ууланган балдардын өмүрүнө коркунуч жаралган жок. Муну Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка таянсак, Панфилов райондук ооруканасына бүгүн саат 11:39да телефон чалуу болуптур.
"Бүгүн, 25-октябрда Панфилов районунун Вознесеновка айылындагы мектепте окуучулардын абалы начарлап, кусуп жаткандыгы тууралуу Панфилов райондук ооруканасына телефон чалуу болду. Балдар жумшак токочтон башка эч нерсе жешкен эмес. Алар токоч бензин же солярка жыттанып турганын айтышкан. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы келгенде 16 баланын абалы начар экени аныкталды. Бардыгы тең ооруканага алынып келип жаткырылган. Аларга кошумча дагы 9 баланы ата-энелери жеткиришкен.
Окуучуларга дароо медициналык жардам көрсөтүлүп, учурда мектепте курамына санитар эпимдемиолог, педиаторлор, хирургдар, жугуштуу оорулар боюнча адистер, реаниматолог, терапевтер кирген топ тийиштүү иштерди жасашууда. Панфилов райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун директору Эльза Эралиеванын айтымында, учурда балдардын абалы жакшы, кооптонууга эч кандай негиз жок. Балдар негизинен 2-3-класстын окуучулары",- деп билдирди министрлик.