Биз социалдык тармакта

Коронавирус: Казакстан Кыргыз өлкөсүнө QazVac вакцинасын жардам катары жөнөтөт

Коңшу Казакстан QazVac вакцинасын Кыргыз өлкөсүнө жардам иретинде жөнөтөт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге байланышканыбызда белгилүү болду.

"Казакстан менен мурун вакцина туурасында сүйлөшкөнбүз. Ушул жума күнү QazVac вакцинасынын 50 миң дозасы гуманитардык жардам катары алып келинет", - деп билдирди Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, QazVac - Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигинин биологиялык коопсуздук көйгөйлөр илимий изилдөө институту тарабынан иштелип чыккан COVID-19га каршы инактивдештирилген вакцинасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
azhunushaliev
2021-06-23 09:29:56
ар ким ваксина чыгарып кыргызтанга экперимент кылганы жардам деп койуп жибере берет экен да
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан