22-октябрдан 24-октябрга чейин Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Тажикстан Республикасынын Мургаб районунда болуп кайтышты. Тажикстанга болгон иш сапардын жүрүшүндө өкмөттүн Оштогу өкүлү Сооронбай Жээнбеков жана Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов аталган райондо жашаган этникалык кыргыздарга материалдык жардамды тапшырышты. Тактап айтканда, аталган райондун орто мектептерине 60 даана парта, отургучтар жана 300 миң сомду түзгөн кыргыз тилиндеги окуу куралдарын тапшырышты.