Төрөбай Зулпукаров абакта калтырылды

Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочунун өтүнүчүн карады. Сот Зулпукаровду камакта калтыруу чечимин кабыл алганын соттук отурумдан чыккан жактоочу Таалайгүл Токтакунова журналисттерге билдирди.

Токтакунова соттон Зулпукаровду башка жакка чыгып кетпөө тил катынын негизинде үй камагына чыгарууну өтүнгөн. Ал эми прокурор Биринчи Май райондук сотунун Зулпукаровду УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин өзгөртпөөнү сунуштаган. Жыйынтыгында сот депутатты тергөө абагында калтыруу чечимин чыгарган.

Ушул жылдын 31-май күнү Төрөбай Зулпукаров УКМКга суракка чакыртылган. Анда ал "Кумтөр" боюнча сурак бере турганы маалымдалып, сурактан соң камакка алынган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан