Ильяз Чалов: "Эмгек" партиясында кызыктуу идеялары бар жаштар көп"

Саясатка жаңы идеялары менен жаштардын келгени өтө жагымдуу. Ошондой жаштардын бири – Ильяз Чалов. Жаштыгынын көп жылдарын бизнеске арнап, эми 32 жашында өзүн Бишкек шаардык кеңешинен сынап көрөйүн дейт. Шайлоого "Эмгек" партиясынын курамынан аттанууда.

Ильяз Чалов бизге эмне себептен өзүнө ишенип жатканын жана БШКга өтүү менен "Эмгек" партиясы кандай долбоорлорду ишке ашырарын айтып берди.

- Сизди саясатка эмне алып келди?

- Көптөн бери кызыгып жүрөм, жаңылыктарды калтырбай көрөм жана шаарда канчалаган маселелер бар экенин билем. БШКнын деңгээлинде шаардагы маселелерди чечүү ынтызарым жылдан жылга күчөп келүүдө. Жерим үчүн жүрөгүм ооруйт. Жакындарым бул акыбалымды билген үчүн шайлоого катышып көр деп кеңеш беришти. Өзүм да "бул менин мүмкүнчүлүгүм" дедим. Буга чейин саясатка аралашып көргөн эмесмин.

- Саясат көптөгөн күчтү жана нервди алат дешет. Сиз корккон жоксузбу?

- Эгер биз барбасак ким барат? Башкарууну жаштар колуна ала турчу убакыт келди.

"Эмгек" партиясынын дал ошол күчтүү тараптарынын бири – курамындагы жаштар. Эгерде тизмени карай турган болсоңор 40 жашка чейинки жаштар көп экенин көрөсүңөр. Алардын ар бири өз тармагында ийгиликке жеткен инсандар. Көптөн бери эмгектенип, жумуш орундарын түзүп келишет. Мисалы, мен 2011-жылдан бери жеке ишкананын башкы директорумун. Бүгүнкү күндө 40 кызматкерибиз бар. Баары жаштар.

"Эмгек" партиясынын дагы бир артыкчылыгы – сабаттуу программасы. Анда ондогон актуалдуу маселелер жана аларды чечүү жолдору бар.

Биз Бишкек өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн толук колдонбойт деген ойдобуз. Ал өлкөнүн экономикасынын локомотиви болуш керек. Шаарга башка бардык региондордон жумуш издеп көптөгөн жарандар келишет. Жаңы жумушчу орундарын түзүү – "Эмгек" партиясынын программасынын алгылыктуу пландарынын бири. Сырткы жана ички инвесторлорго, кичи жана ири бизнеске, ишкерлерди колдоого шарттарды түзүп берүүнү каалайбыз.

Мен эч нерседен коркпойм. Шайлоочуларга сунуштачу нерселерим бар. Жакында алар менен жолугушууларды өткөрүп, биздин программа менен тааныштырам.

- Программанын дагы кандай пункттарын белгилеп айта кетет элеңиз?

- Шаар тургундарын шаардын жайлуулугу ойлондурса керек. Калктын саны өсүп жатат. Тургундарды дени сак жашоо, жөө басуу, велосипед тебүү кызыктырат. Ал нерселерди жасоо мүмкүн эмес. Анткени кээ бир райондордун инфраструктурасы таптакыр эле өнүккөн эмес. 4 жылдын ичинде 200 чакырым тротуар жана 100 чакырым веложол куруу планыбыз бар.

Бишкек шаарында көптөгөн ири сейил бактардын курулуп жатканы сүйүндүрөт. Бирок аларга жайдын аптабында, тыгын учурунда жетүү кыйынчылык туудурат. Биздин ар бир районго (мүмкүн болгон жерлерге) кичи эс алуу жайларын – Pocket park's куруу планыбыз бар. Көңүл ачып, эс алууга арналган ыңгайлуу жерлер алыс эмес жерлерде жайгашат. Шаардыктарга балдары менен сейилдеп, балмуздак жеш үчүн узак жолдорду басып өтүүгө туура келбей калат. Каалоочулар шахмат ойноп, жолугушууларды өткөрсө да болот.

Шайлоочулардын басымдуу бөлүгү калктуу конуштарда жашайт. Алардын көйгөйлөрүн да четке сүрүп коё албайбыз. Алар шаардын бүтүндөй бир бөлүгү. Азыркы тапта көптөгөн калктуу конуштарда мектеп, бала бакча, маданият үйлөрү, унаа жолдор, тротуар, эс алуу жайлары, көчө жарыгы, таза суусу жана канализациясы жок. Айрым жерлерде электр өткөргүч линиялары да жок. Бул аталган маселелерди колдон келишинче тезирээк чечүү керек. Бул биздин колубуздан келет жана программабызга камтылган.

- Чындыгында чети оюла элек иштер көп. Бирок Бишкек деле жакшы нерселерден куру болбосо керек?

- Албетте, ал биздин сүйүктүү шаарыбыз. Анын ар бир бурчунда кызыктуу жерлер бар. Эң негизгиси аны жакшы көрүп, жакшы жактарын көрө билишибиз керек. Биз аны жакшырта алабыз. Колубуздан келет.

- Борбор калаада сиздин жакшы көргөн жериңиз барбы?

- Бош убактымды өткөрө турган футбол талаасы бар. Ышкыбоз лигада досторубуз менен футбол ойнойбуз. Спортту жакшы көрөм.

- Айтмакчы, шайлоо учурунда "Эмгек" партиясы спорт тармагын унуткан жокпу?

- Биздин партиянын командасы кыргыз футболунун жандануусунун башатында турган команда. Улуттук спорт оюндарынын өнүгүүсүнө чоң салымын кошкон. Шайлоо алдындагы программада да партия спорт тармагын көз жаздымда калтырган жок. "Аккула" ат майданы 70 жыл мурун курулуп, эчак эле жаңыланууга муктаж эле. Ат оюндарынын же көк бөрү мелдеши учурунда трибуна кичинекейлик кылып, көрүүчүлөр батпай калышат. Аны реконструкциялап, заманбап эл аралык стандарттарга жооп бере тургандай деңгээлге жеткирүү планы бар. Ал улуттук ат, спорт оюндарын өткөрүү базасына айланат. Аталган жерде эл аралык деңгээлдеги чемпионаттарды өткөрүүгө болот.

Даярдоочу: «Super.kg». Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109/1. Буйрутмачы: "Эмгек" саясий партиясынын шайлоо фондунан, финансылык маселелер баюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Өмүралиева тарабынан каржыланды.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан