УКМКнын антикоррупциялык кызматы жоюлат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Анда ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин антикоррупциялык кызматы жоюларын билдирди.

"Финполициясын жоюу бизнести колдоо багытындагы чечкиндүү кадамдардын бири болгон. Аталган кадамдарды улай жакынкы күндөрдүн ичинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиндеги антикоррупциялык кызмат жоюлат. Бул боюнча тийиштүү жарлык даярдалып жатат", - деди Жапаров.

Садыр Жапаров Башкы прокуратура ишкерлерди жана инвесторлорду коргой турган негизги органга айланышы керектигин өзгөчө белгиледи. Мындан ары Башкы прокуратура бизнестин таламын талашкан, укугун коргой турган милдеттерди алат.

Буга байланыштуу Башкы прокуратурага атайын жана тийиштүү чечимдерди тез арада даярдап чыгуу тапшырылды. Бул чараны ишке ашырууну тездетүү үчүн министрлер кабинетинин төрагасына жана Башкы прокурорго тапшырма берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан