Ал үйдүн эң кенжеси, үч эжесинин эрмеги. "Мен үчүн эң чоң мотивация - ата-энемдин ыраазычылыгы" деген Маратбек менен маек курдук.
- Маратбек, алгач өзүң тууралуу айтып берсең?
- Мен Кадамжай шаарындагы Абдусамат айылында төрөлгөм. 7-класстан баштап Кадамжайдагы Кыргыз-Түрк лицейинде окудум. Үч эжем бар, үйдүн кичүү баласымын. Ата-энем айылдагы мектепте мугалим болуп эмгектенишет.
- "Алтын сертификаттын" ээси болушуң менен куттуктайбыз. "Алтын сертификат" алам деп ойлодуң беле?
- Ооба, тестирлөөгө киргенге чейин "Алтын сертификат" алсам деп максат кылгам. Бирок тестирлөө учурунда акыркы тапшырмаларды аткарууга убактым жетпей калды. Ошондон кийин болбой калды окшойт деп жаткам. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары чыгып жатканда мугалимдерим телефон аркылуу "Алтын сертификат" алыптырсың, куттуктайбыз" дешти. Күтүлбөгөн кабар болду. Эң биринчи эле эжелериме сүйүнчүлөдүм. Атам менен апама кечинде айттым. Алар да абдан кубанышты.
- Тестирлөөгө кантип, канча убакыт даярдандың?
- Лицейде Гүлзара деген эжейим бар, ал багыт көрсөтүп, даярданууга жардам берди. Андан сырткары күнүнө 2 сааттан кошумча окуп жаттым. Тестирлөөнү "Билимди баалоо борбору" өткөргөндүктөн ошол мекеменин китептери менен даярдандым. Негизгиси мээнет кылсаң эмгектенсең үзүрүн көрөт эмессиңби. Адам эрктүү болушу керек экен. Тартип болбосо, ийгилик болбойт.
- Сага эмне мотивация берип жатты?
- Чоң жаңылык жасагым келди. Эң негизгиси ата-энемдин мени менен сыймыктанып турушун кааладым. Бул эми башталышы, буюрса.
- Кайсы кесиптин ээси болоюн дейсиң?
- Медицина жаатына кызыгам. Ошондуктан медициналык академияга тапшырсамбы деп ойлоп жатам. Химия жана биология предметтеринен сынак тапшырып, алардан да өттүм. Келечекте элиме, жериме пайдасы тийген инсан болгум келет. Көз дарыгери болсомбу деп ниет кылып жатам. Дагы байкаштырам.
- Президент менен жолугууга даярданып жатсаң керек...
- Ооба, жакында Бишкекке жөнөйм. Президент жөнөкөй адам эмес да. Ошого бир аз толкунданып жатам.